- Марлен Абдрахманович, өкмөт ишин эптей албай калдыбы? Айрым кесиптештериңиз отставкага кетсин дей баштады го?

- Адегенде жыл аякташы керек. Жылдын көрсөткүчтөрүн эске алып, анан өкмөттүн отставкасы тууралуу кеп кылсак болот.  Азырынча өкмөттү отставкага кетирүүгө негиз жок. Ошондой эле жыл бүткүчө өкмөттү кетирүү  туура эмес. Себеби, кышка даярдык көрүүнүн жоопкерчилиги анык  болбой  калат.