Печать
Категория: Коом
Просмотров: 307

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев менен Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтыша кетти. Депутат республикалык бюджет тууралуу отчетто 2020-жылдын гана маалыматы бардыгын айтты. Ал Министрлер Кабинетинен салыштыруу үчүн өткөн жылдагы маалыматтарды да берүүнү талап кылды. 

"Дайыма отчет ушундай жазылып келген. Жакпайт ошон үчүн жакпайт деп айтуунун кереги жок. Салыштыруу үчүн дайыма эле ушундай жазыоат. Биз мындай системаны өзгөрткөн жокпуз", - деди Жапаров. 

Масалиев мыйзамда кандай болсо ошондой кылуу керектигин белгиледи. "Эгер бул сөзүм сизге катуу тийсе капа болбоңуз. Жакпаган үчүн жакпайт дегенди айтпаңыз. Сиз жага тургандай кыз эмессиз да", - деди. 

Акылбек Жапаров көп сүйлөгөндү токтотууну суранды.