Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар мыйзамдуулукту бетке кармашып, элдин атынан сүйлөгөндү аябай  жакшы көрүшөт. Ошол эле мезгилде өздөрү мыйзамдардын аткарылуусун уруп ойнобой, элдин кызыкчылыктары менен эсептешкилери да келишпейт. 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева жылкы теппей, жылан чакпай Камчыбек Ташиевдин дарегине катуу билдирүүлөрдү жасап, анын коркутуп, үркүтүп атканын айтып чыкты. Элвира айымга эмне болду деп турган чакта маселенин күнгөй-тескейи ачыкталгандай болду. Көрсө, Элвира Сурабалдиева ээлик кылган «Кудайберген» унаа тетиктер базары өлкө бюджетине арзыбаган салыктарды төлөп келгендиктен, бул жагдай  УКМК тарабынан текшерүүгө алыныптыр. Камчыбек Ташиев базар 70 миллион сом салык  төгүшү керек болсо, анын ордуна 2 миллион сом гана төккөнүн билдирди. Ошол эле кезде белгилей кетсек,  базардагы сатуучулардан айына аз эмес суммадагы акчалар жыйналып алынып турулат. Буга дейре базардагы соода орундарынын  бааларынын ижара акысы кескин кымбаттап, соода кылгандар Элвира Сурабалдиевага чейин кайрылышып  ыйлакташкан. Бирок Элвира айым сатуучулардын өтүнүчтөрүн чымын чаккандай да көрбөй, «ушул бааны төлөйсүңөр, болбосо орундарды бошотуп койгула» деп кесе жооп берген. Соода кылгандардын абалдарын түшүнгүсү да келген эмес. 

Элвира Сурабалдиеванын агынан жарылып, коргонуу тактикасына өтүшүнүн дагы бир себеби, ал ээлик кылган Сокулуктагы мал базар тура. Сурабалдиевдердин үй-бүлөсү ээлик кылган  мал базар Ош-Бишкек стратегиялык  жолунун так боюнда жайгашкандыктан, базар күнү элдин, автоунаалардын жүрүүсүнө өтө чоң тоскоолдуктар жаралып келет. Базарды чоң жолдун жээгинен  алыс жакка жылдыруу маселесин кабыргасынан коюшуп, Сокулуктун эли Элвира Сурабалдиевага да көп жолу кайрылышкан. Бирок Элвира айым бул маселени ойлоп да койбой, өтүнүчтөрдү четке кагып, элдин кызыкчылыктарын уруп ойнобой, базарга келгендердин эсебинен капчыгын калыңдатууну гана ойлоп келүүдө. Жадаган эл мындан аз күн мурда  президенттин, Министрлер Кабинетинин башчысынын, УКМК төрагасынын дарегине кайрылуу жолдошкон. Базар маселеси жогорку деңгээлде карала турганын туйган Элвира Сурабалдиева колунан келишинче бийлик башындагыларды эл көзүнө дискредитациялап, базарды өз ордунда  сактап калууга  жандалбас кылып жатканын түшүнүү кыйын эмес. 

Дайыма мыйзамдардын аткарылуусу, сакталуусу  керектигин сүйлөп, элдин кызыкчылыктарын оозанган Элвира Сурабалдиева  эмнеге мыйзамдуу түрдө бизнестен тапкан кирешесине жараша салык төлөбөйт? Эмнеге мыйзамдарга, элдин кызыкчылыктарына каршы келген базарды башка жакка жылдырууга караманча каршы болуп келатат? ЖК трибунасында элдин атынан сүйлөп, мыйзамдуулукка чакырып, бирок иш жүзүндө такыр башканы кыла берсе боло береби? Эмнеге бизнесине келгенде эле ЖК трибунасынан жалындуу сүйлөп, популизмдикке алдырып, өзүн чындыктын, тазалыктын үлгүсүндөй көрсөтө берет? Эмнеге «мыйзамды аткар, салыктарды толук көлөмдө төлөңүз» дегендерди душманындай көрө баштайт? 

Баса белгилей кетчү дагы бир нерсе, Элвира Сурабалдиева өзүн Бакиевдик бийликтин курмандыгы болгон адам  катары көрсөткөндү жакшы көрөт. Атасы, маркум Сурабалдиевдин  киши колдуу өлүмүнө дагы (далилденбегенине карабай)  Бакиевдин бийлигин  айыптап келет. Анысын бул ирет да ЖК жыйынында кайталады. Бирок тар чөйрөдө Жыргалбек Сурабалдиев каралар дүйнөсүндөгү талаштын, пикир келишпестиктердин  курмандыгы болгондугу айтылып келет.