Акыркы учурда Жогорку Кеңештин жыйыны шоу-программага окшоп баратат. Мындай көңүл ачуучу иш чаралардын бири кечээ парламентте болду, бир катар депутаттар өздөрү үчүн өтө маанилүү маселени - эмнеге депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсү алынганын талкуулашты. Бул эми түшүнүктүү да, эл өкүлдөрүнүн башка көйгөйү жок. 

Баарынан көп депутаттар Адахан Мадумаров, Мирлан Самыйкожо жана Султанбай Айжигитов нааразы болду. Бир аздан кийин алардын катарына Талант Мамытов, Сүйүн Өмүрзаков жана Гуля Кожомкулова кошулду. 

Ошол эле учурда аталгандар президенттин администрациясынын расмий жообун таңазарга алышпады, анда Бакиров 7-кабаттагы №705 кабинетти "жумушту оптималдаштыруу жана жумуш орундарын тартипке келтирүү" аракетинин алкагында бошоткону айтылган. Мурдагы кабинетинин ордуна депутатка 6-кабаттагы №637 кабинетти беришкен, бирок Бакиров ага жайгашууга шашылган жок, өзүн саясий куугунтукка кабылып, жашоосундагы эң кымбаты болгон кабинетинен куулуп чыкканын кайра-кайра кайталап жатат. 

Анын бир катар парламенттештеринин нааразычылыгын деле түшүнсө болот, кимдир бирөө депутатты - өлкөнүн эң кыйындарын капалантып коюптур. Бийлик аларды кабинеттен чыгармак тургай, костюмундагы чаңды дагы күбүгөнгө батынбаш керек болчу да. Мырза депутаттар, ашынган амбиция менен текебердикти бир аз азайтуу керек. Өлкөдө реалдуу маселелер бар, эл силерди парламенттин ичинде кыйындыгын далилдесин деп шайлаган эмес. 

Булак: vb.kg