Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Болот Темировго сот тарабынан чыгарылган чечим тууралуу кеч укканын билдирди. 

Депутаттардын айрымдары бул ишке кайрадан Ташиевди күнөөлөштү. УКМК төрагасы жооп берип жатып, журналистке байланышкан ишти башка мекемелер тергеп, чечим чыгарганын эске салды. 

"Темировдун өлкөдөн чыгарылышын мен билген жокмун. Кайдагы эле болбогон маалыматтарга менин атымды жабыштыра бербеңиздер. Ага чейин ИИМ иликтөө жүргүздү, прокуратура тастыктаган. УКМКнын буга тиешеси жок. Сот чечим кабыл алды. Мен ал турмак анын иши боюнча сот болоорун да билбегем. Акыркы учурда иш сапарларда көп жүрүп, кесиптештер менен жолугушуп жатам. Түндө үйгө келгенде гана уктум. Жөндөн жөн эле жалган маалыматтарды айта бересизби", - деди Камчыбек Ташиев.