Печать
Категория: Коом
Просмотров: 142

Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында ага УКМК кызматкерлери тарабынан коркутуу болуп жатканы, ал Кемпир-Абад боюнча келишимге добуш берилгенден кийин жаралганын билдирди. 

Буга жооп катары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сурабалдиеванын салык боюнча маселеси бардыгын белгиледи. 

"Элвира Сурабалдиеванын билдирүүсүнө жооп бериш үчүн бир катар маселелерди ачыктоого мажбур болом. Депутаттын өзүнүн жана бир туугандарынын карамагында "Кудайберген" базары бар. Анда 3 миңден ашуун контейнер жайгашкан. Ар бир контейнерден 3 миң сомдон топтойбуз деген отчет беришет. А бирок чындыгында, иш жүзүндө ар биринен 7 миңден 15 миңге чейин алышат. Салыкты УКМК эсептебейт, Мамлекеттик салык кызматы эсептейт. Алардын эсеби боюнча, аталган базар 70 миллион сомдун тегерегинде салык төлөгөн эмес. Акты да түзүлгөн. Салыкты төлөөгө милдеттүү, анткени, ал элдин, мамлекеттин акчасы. Ошондуктан, депутат болсо эле трибунаны пайдаланып, туура эмес маалымат таратуудан алыс болуу керек.

Биз, УКМК, эч кимге мыйзамсыз мамиле жасабайбыз, ага укугубуз да жок. Бул жердеги дагы бир-эки урматтуу депутаттар тууралуу да маалымат берип коеюн, эртең аны айтып чыкпагыла. Өтө оор кылмыштарга шектелип, экспертиза учурда жүргүзүлүп жатат. Прокуратура иш козгосо, саясий куугунтук деп чыкпагыла. Араңарда өтө оор кылмышка шектелген адамдар отурат. Алардын үстүнөн арыз түшкөн. Түшкөн арызды карабай койсок, карабай жатат десеңер болот. Текшерүү, иликтөө маалында ал депутаттардын кылмышка катыштыгы бардыгы аныкталса, андан аркы чечим сотто болот", - деди Камчыбек Ташиев. 

Ошондой эле, кайрадан Элвира Сурабалдиевага кайрылып, салыкты төлөөгө чакырды. 

 "Урматтуу, Элвира Жыргалбековна, сиздин мага кандайдыр бир претензия коюшуңузга негиз жок. Мен сизди тааныбайм, байланышым да жок. Депутат катары сыйлайм. Эгерде мыйзам менен маселеңиз болсо, Мамлекеттик салык кызматына барыңыз, такташыңыз, андан кийин гана айтчуңузду айтыңыз. Биз бир адамыңызды алып барып камаган жокпуз. Менин атымды атасаңыз эле, маселе башка нукка бурулуп кетет деп ойлоо жаңылыштык. Салык төлөңүз, төлөбөсөңүз, мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деди УКМК төрагасы.