Печать
Категория: Коом
Просмотров: 189

- Жакынкы күндөрү боло турган элдик курултай  мамлекеттеги абалдын турукташына жол  ача алабы?

- Президентибиз сазга баткан өлкөнү туңгуюктан чыгаруунун жолдорун издеп, бийлик менен элдин ортосун жакындатуунун аракеттерин көрүүдө. Башында келгенде эле элдик курултайды калыбына келтиребиз деген.  Мына ошол ниети ишке ашып, буйруса элдик бийликтин жөрөлгөсү жөндөлүп жатат.

Бул колдой турган өтө орчундуу маселе.  Болбосо буга чейинки бийликтер бул маселе жөнүндө ойлоп да койбой иш алып барышкандыктан элге жек көрүндү болуп, адашып  калып жатышты.

Эми буйруса башталып калган жакшылыкты мындан ары өркүндөтүп- өрчүтүп алып кетүү өзүбүздүн иш.

Эл менен жолугуунун, калың катмарындагы көйгөйлөрдү угуп, чечүүнүн жолу  ушул курултай экенин жон териси менен сезген  Садыр Нургожоевич  ушул элдик биринчи курултайды  алып чыккандыгы колдой турган маселе десек болот.

Мындан ары эл менен бийликтин арасы жакындап, элдин ишеничи кайтсын, бийликтин түбөлүгү түз болсун деп тилек кылалы. Курултайдын жолу шыдыр, жолдошу кыдыр болсун.