КР УКМК Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин контрабандага каршы аракеттенүү жаатындагы тапшырмаларын аткарып жатат. Анын алкагында Баткен облусунун аймагында аткезчилик жүк ташыган эки автоунаа конфискацияланды.

Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. 

Алсак, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы, «Баткен» бажысы жана КР УКМКнын чек ара кызматы менен биргеликте, 25-сентябрда жана 15-октябрда контрабандалык жүк ташыган Т.М.А. аттуу жарандын башкаруусундагы «Тойота Превиа» жана И.С.Р. аттуу жарандын башкаруусундагы «Хюндай Портер» үлгүсүндөгү унааларды кармаган.

2022-жылдын 18-ноябрында Баткен райондук сотунун чечиминин негизинде, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандыгы боюнча эки автоунаа тең мамлекеттин эсебине конфискацияланды.