Печать
Категория: Коом
Просмотров: 238

Иш чараны КРнын Агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы уюштуруп, ага азык-түлүк коопсуздугу боюнча ата мекендик эксперттер менен серепчилер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана бизнес коомчулуктар менен Агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын мүчөлөрү катышты.

Талкууга коюлган темада азык-түлүк коопсуздугу боюнча эксперт Канат Тилекеев сөз сүйлөп, учурдагы көйгөйлөр жөнүндө кенен маалымат берди.

Кийинки докладда Агро-өнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлү Рустам Балтабаев Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жаралган кырдаалдар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, өлкөбүз учурда азык-түлүк товарларынын импортунан 80 пайызга көз каранды, ал эми азык-түлүк коопсуздугунун начардыгынын негизги себептери болуп контрабанда, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү импорттон коргоонун жоктугу, ички рынокто жайылтууга байланышкан кыйынчылыктар, сырьенун, күйүүчү майлардын баасынын кымбаттыгы эсептелет.

Тегерек столдун башка катышуучулары да азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөрдү белгилеп, аларды чечүү жолдорун сунуштады.

Азык-түлүк коопсуздугунун көйгөйлөрүн чечүү жолдорун өзгөртүү зарылдыгын белгилеген тегерек столдун катышуучусу, ЖКнын экс-депутаты Аалы Карашев мындай деди:

“Бүгүнкү күндө өлкөбүз, калкыбыз жана жеке ишкерлерибиз баалардын кескин өсүүсүнө жетишпей арта калууда. “2022-жылдын 10 айына гана карата инфляция 12,1 пайызды түзүп, ал эми тамак-аш азыктары менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 13,1 пайызга өскөн. Алсак, кумшекердин баасы 33,5 пайызга, ундун баасы 26,9 пайызга кымбаттаган. Макарон жана башка дан азыктарынын баасы 22,4 пайызга кымбаттаса, бышырылма азыктар – 21,6 пайызга, балык – 20,1 пайызга, ак май – 17,3 пайызга кымбаттаган. Ошону менен бирге өлкө боюнча айлык акы орто эсеп менен 27,9 пайызга жогорулады. Бирок көбөйгөн киреше толугу менен азык-түлүк сатып алууга короп жатат”.

2015-жылы 2015-2017-жылдарга карата азык-түлүк коопсуздугу боюнча Мамдекеттик программа кабыл алынган. 2019-жылы анын ишке ашырылуусуна баа берилген. Программаны ишке ашыруу боюнча 177 чара каралган. Ошондо ал пункттар аткарылгандыгы аныкталып, аткаруу пайызы 98,9ду түзгөн. Бул тууралуу 2019-2023-жылдарга карата Программада айтылат.

Логикага ылайык, ошол Программанын аткарылуусунун жыйынтыгы ийгиликтүү болгондо учурдагы көйгөйлөрдүн тизмеси мынчалык көп болмок эмес. Бүгүнкү күндө тамактануу үчүн зарыл болгон тамак-аштын 9 түрү боюнча мамлекетибиз өзүн 2-3 түрү боюнча гана камсыздоодо.

Азык-түлүктүн калган 5-6 түрү импорттук жеткирүүлөрдүн негизинде камсыздалууда.

Өлкөбүздүн азык-түлүк продуктуларынын импорттук жеткирүүлөрүнөн көз каранды болуусу жылдан-жылга өсүүдө. Тиешелүү түрдө баалардын дүйнөлүк өсүүсүнөн көз карандылыгыбыз дагы.

Айтор көйгөйлөр ошол бойдон сакталууда.

Демек, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун, векторлорун жана механизмдерин өзгөртүү зарыл. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик программа концепциясын карап чыгууга муктаж. Ал ички азык-түлүк продуктуларын өнүктүрүүгө, калктын кирешесин жогорулатууга, калктын аярлуу катмарларын колдоого, тамактануу рационун өзгөртүүгө багытталуусу керек.

Ошондой эле экс-парламентарий төмөнкүлөрдү сунуштады:

“Түшүм жыйноо маалында ири мамлекеттик келишимдер боюнча андан ары сатууну эске алуу менен баалардын өсүү мезгилинде биржалык товарларды (буудай, өсүмдүк майы, шекер) сатып алууга мамлекеттик буйрутманы калыптандыруу.  

Айыл-чарбаны райондоштуруу боюнча реформа жасоо. Максат – райондордо ири айыл-чарба кластерлерин түзүү. Алардын тегерегинде фермерлер аккумуляцияланып, бул өз кезегинде мекемелерди зарыл болгон товарлар боюнча сырье менен камсыздайт.

КРнын аймагында ири мекемелерди курууга кызыкдар болгон ишкерлерге мамлекеттик кепилдик берүү максатында айыл-чарбанын маанилүү багыттарын аныктоо (ун, эт, өсүмдүк майы, жем өндүрүү).

Кыргыз Республикасында курулуп жаткан кайра иштетүүчү мекемелерди курууга бөлүнүп жаткан пайыздык ставкалар боюнча мамлекеттик субсидиялардын механизмин киргизүү.

Тегерек столдун катышуучулары өз сөздөрүндө азык-түлүк коопсуздугу тармагында мамлекетке эффективдүү саясат жүргүзүүгө жардам берчү идеяларды айтышты.