Печать
Категория: Коом
Просмотров: 144

Кыргызстан менен Казакстан туристтердин өтүшү үчүн жашыл коридор ачууну пландап жатат. Бул тууралуу  Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун инвестиция жана эл аралык байланыштар боюнча аткаруучу директору Кайрат Итибаев билдирди.

Ал бүгүнкү күндө аталган маселе эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын жана гиддеринин талкуусунда экенин белгиледи.

"Мындай коридорлор туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү жана чек арадан өтүүдө узун кезекке турууга убакытты текке кетирбөө үчүн зарыл. Бул багытта Өзбекстан менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди ал.