Печать
Категория: Коом
Просмотров: 392

- Каныбек агай, айрым депутаттар жаңы жылда өкмөт отставкага кетиши керек деген маселе көтөрө башташты. Өкмөт отставкага кете турган кырдаалга кептелип калдыбы?

- Өкмөттү отставкага кетирүүнүн эч кандай себебин көрбөй турам. Азыркы Министрлер Кабинети кыйын кезеңде дурус эле иштеп жатат. Кемчиликтер албетте бар, айрыкча кадр тандоодо. Бирок анын башкы себеби катары жердешчилик, тууганчылык дагы деле күчүндө экендигин баса белгилеп кетким келет. Президент ушул дартка катуу, чечкиндүү каршы чыгып койсо деген эле  тилек!