Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1215

Кыргызда «Уялбагандан өзүң уял» деген сөз бар. Журналист Болот Темировго байланыштуу ушундай жагдай жаралды. Ал үчүн өзү эмес, башкалар уялчу болду. Аргасыздан «Кыз боосуп энесин коркутат» деген сөз эске келет.

«Документтеримдин жасалма болгону боюнча Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айткандары жалган болуп чыкты. Сотто ал далилденген жок. Эми алар айткандарынын жалган экенин моюндашсын» деп чыкты. 

Популизмдиктин, бет тырмарлыктын деле чеги болот го. Ал өзүнүн кеңсесинде наркозат кармап, аны менен шугулданып,   өзү эле эмес, командасындагылар да пайдаланып келгенин далилдеген видео тасманы бүткүл кыргыз эли көрбөдүбү. «Ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт» демекчи, мындай билдирүүсү менен Болот Темировдун каалаганы эмне? Абийири айрандай төгүлүп, шермендеси чыгып, чыныгы жүзү ачылып  элдин назарынан калган журналисттин элдин, коомдун көңүлүн өзүнө бурдуруу, өзүн билдирүү аракетиби? Ошондой экенинде талаш жок. Анткени, иликтөөчү журналист катары ага элдин ишеними кетти. Батыштан каржыланып, ошолордун буйрутмаларын аткарып, деструктивдүү, провокациялык маанайдагы материалдарды таркатып, эл ичине бүлүк салууну көздөгөн, Кыргызстанга, кыргыз элине жакшылык каалабаган адам экенин коомдун сезилерлик бөлүгү аңдады. Ушундай жол менен өзүн реабилитациялоо аракети болуп атканы түшүнүктүү. Азыр С.Жапаров менен К.Ташиевдин ысымдары аталса, ага эл жакшы көңүл бурат эмеспи. Б.Темировдун президент менен УКМК төрагасын сотко берем деп чыккандыгынын себеби да ошол. 

«Документтеримдин жасалма экендиги такталган жок. Эч кандай күнөөм жок, аппакмын» дегени Темировдун дагы бир бет тырмарлыгы. Анын документтери жасалма болгондугун, чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгүн тастыктаган  видео тасмаларды жалпы журт көргөн. Анан кайсы бети менен элдин, коомдун башын айландырып, өзүн ак көрсөтүп атат? Ушинтип айта берсем, калпты урдура берсем, эл ишене берет деп ойлойбу?