"Жасалма документ", "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү", "Баңгизат сактоо жана пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, абак босогосуна бир кадам калганда артка тарткан Болот Темиров кайрадан өзү тууралуу кабар берди. Ал президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди айыптап чыкты. 

Темировду сентябрь айында Свердлов райондук соту жогоруда аталган эки берене боюнча актап, "Жасалма документтерди пайдалануу" беренеси боюнча айыптуу деп тапкан. Бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза чаралары каралган эмес. 

Мына ушул нерсени Темиров учурда бетине кармоодо. "Жыйынтыгында мен абакта эмесмин, бирок менин соттуулугум бар жана паспортум жараксыз болуп калды. Бул жыйынтыкка макул эмесмин, анткени, айыбым жок. Мен жасалма документтерди колдонгон эмесмин жана паспортту мыйзамдуу алгам. Ошондуктан, биз апелляция бердик. Көзөмөл органы мени баңгизат сактоо жана пайдаланууга, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө күнөөлүү деп жатат. Башкача айтканда, прокуратура соттун жасалма документ боюнча чечимин талашкан жок", - деген Болот Темиров видео кайрылуусунда. 

Ошондой эле, ал башына үйүлгөн балээнин баарына президент менен УКМК төрагасын айыптап, шектелген, тагылган айыптардын баарын бийликтин калпы жана жалаасы деген. Сотко алардын үстүнөн арыз берип, "айткан сөзүн артка алдырууга", түшүндүрүп айтканда, "Темиров суудан таза, жөн жүрсө эле жалган жалаа жаап коюптурбуз" деп айттырууга аргасыз кылат экен. 

Темиров эмне үчүн кылмыш ишине жоопкер болгону белгилүү. Ал убагында укук коргоо кызматтары тарабынан ачык айтылган. Өзү башка өлкөнүн жараны экени, кыргыз паспортун алган учурда жасалма аскердик күбөлүгүн жасатканын, анын негизинде улуттук паспорт алганы белгилүү болгон. Ошондой эле, Орусиядан келатканда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Тагыраак айтканда, анын чек араны кесип өткөнү тууралуу тийиштүү кызматтарда маалымат калбаган, бирок ал Кыргызстанда. Мындан улам, ал же жасалма документтер менен өткөн же чек араны кесип өтүү тийиштүү жерде аткарылбаган. Бул беренелер жөнөкөй берене эмес, анын үстүнө Темировдун биографиясы менен. 

Кесиби журналист эмес, бирок мезгилдин агымына жараша ушул багыттын өкүлү болуп калган ал убагында Американын, кийин Орусиянын кызыкчылыгына иштегени, бир эле убакта эки өлкө ортосунда бири бирине тыңчылык милдетти аткарып бергени, андай эмгеги үчүн эки жактан тең акча алып турганы маалымат каражаттарында жазылган. Башка өлкөнүн кызыкчылыгына акча үчүн иштеген адамда эл-жерге берилгендик сезимдери жашамак беле. Акчаны бийик койгон адамга башка баалуулуктар жокко эсе. Мына ушундай жасалма патриот бүгүн өлкө бийлигин сотко берүүгө чамынып жатат. 

Ал эмнени далилдегиси келет? Жасалма документ боюнча айыбы тагылып, бирок абакка барбай артка кайтып кеткенине өкүнгөнүбү? Же учурдун адатына салып, биротоло барчу жагына барып, андан кийин өзүн "саясий курмандык" көрсөтүүнү пландап жатабы? Балким, Батыштын "кайрымдуулугуна" ээ болууга учурдагы абалы - айыптуу деп табылып, бирок абакка отурбай калганы жетиштүү болбой жаткандыр? Мындан ары да ызы-чуудан башы чыкпай, укук коргоо кызматтарынын "туруктуу кардарына" айланса, Батыш системанын курмандыгы болду деп "жашылбайларды" көбүрөөк которот? Айтор, мекенинин кызыкчылыгын акчага алмаштырган жасалма патриоттон баарын күтүүгө болот.