Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн тургуну Чолпон Тагайбекова бийликке кайрылып, акыйкаттуулук орнотууну суранды. 

Айтымында, ал мектепте ашпозчу болуп иштейт жана мектеп директору Назира Сатыбалдиева жумуштан бошотуу максатында ар кандай жалаа жаап келет. Директор айым ЖК депутаты Тазабек Икрамовдун жээни. 

"Мен мектепте ашпозчу болуп иштеймин. Назира Сатыбалдиева директор болуп келген күндөн тартып менин ордума көз артты. Өзүнө караштууларды ишке алам деп, мени кетирүүгө аракеттенди. Биринчи айлыгымды кыскартты. "Эмнеге айлык кыскарды?" - деген суроомо, "Мен өзүм билем, сенден сурайынбы?" - деп койду. Иштеп жаткан, көрсөтүлгөн эмгек акыңды толук албасаң туура эмес да, мен РайОНОго, райондук администрацияга кайрылдым. Сотко да арыз жаздым. Бирок бардык жакта тааныштары бар экен, акча берип, колуна алып койду.

Каникулдан кийин мектепте ремонт болуп, ага келгенбиз. Мугалимдер бар экен. Спорт зал жакка барсам, директор мага кол көтөрдү. Колумду кайрып чапкылап баштады. Дене тарбия мугалими келип, ажыратып койду. Ооруканага бардым, кан басымым көтөрүлүп кетиптир. Дарыгерлер милицияга кабарлашкан экен, келип, арыз жаздырышты. "Экспертизадан өтүп коюңуз", - дегенинен өткөм. Бирок аны да Сатыбалдиева сатып алып койду. Чакан элбиз, кимдин эмне кылып жатканы дайын, мага кимге канчадан акча берип, кимдин оозун кантип жаап жатканынан бери белгилүү. Айтып жатышат. Бирок колумдан эч нерсе келбей калды. Кайрылбаган жерим калбады. Бири дагы акыйкаттык орнотуп бере алган жок. Кайрылган адамдарым өздөрү да жадашты, "Бийигирээк жакка кайрылыңыз, Тазабек Икрамов кийлигишип жатат", - дегендерди уктум. Ошондуктан,  үмүтүм Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевде калды. Акыйкаттуулукту орнотобуз дешкен, бирок мен аны көрө албай жатам. 

Назира Сатыбалдиева мага жалган жалаа жабуунун аракетинде. Баласы мас болуп, көчөгө жыгылып калса, аны мага шылтап "сабатып кетти" деп чыкты. Балдарынан бери аралаштырды. Тазабек Икрамовго таянып алып ушунун баарын жасап жатат. Кимге кайрылышты билбей калдым", - дейт Чолпон Тагайбекова.