Печать
Категория: Коом
Просмотров: 339

Кээ бирлер деңгээли, даярдыгы барбы, жокпу, Жогорку Кеңештин депутаты болсо эле өздөрүн саясатчы, саясаттагы таасири, салмагы бар фигурадай эле сезип калышчу болду. Дегенибиз, аз күн мурда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевден кагуу жеген ЖК депутаты Өмүрбек Бакиров өзүн чоң саясатчы сезип аткан кербези. «Мага каршы иш-аракеттер башталды, мандатыман ажыратканы жатышат» дегендей маанайдагы интервьюларды берип атат. Бирок кайсы арына, кайсы абалына өзүн таасирдүү саясатчыдай көрсөтүп атат?

Камчыбек Ташиев айткандай, анын ким экени, кантип шайланганы, артындагы шектүү калбырлары тууралуу көпчүлүк жакшы билет. Мыйзамсыз жолдор менен шайланып келип алып, анан бакылдап сүйлөй берсе эле саясатчы, фигура болуп калбайт. 

Негизи Өмүрбек Бакиров жалпак тил менен айтканда, көөп кеткен экен. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтүнүн аягында КСДП фракциясынын убактылуу лидери болуп, 2020-жылдын 5-октябрынан кийин Акүйдүн 7-кабатындагы иш бөлмөнү ээлеп, анан өзүн укмуш сезип алганбы, айтор, «…мен депутатмын, айткандарым документ катары кетет», - деди ЖК жыйынында. 

Акүйдүн 7-кабаттагы иш бөлмөсүнөн чыгарылгандан кийин «иштей турган депутатка  иш бөлмө маанилүү эмес» деп кара күчкө балп эттирди. Иш бөлмөнүн кереги жок болсо, анда эмнеге 2020-жылдын 5-октябрында иш бөлмө талашып, ак эткенден так эткен? Мурдагы эле иш бөлмөсүндө отура берсе болбойт беле? 

Камчыбек Ташиевдин «ким экениңди эл жакшы билет» деп айтканынын жөнү бар. Өмүрбек Бакиров УКТ мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турарын мурдагы ИИМ башчысы Суранчиев  ЖК жыйынында расмий билдирген. 2000-жылдардын башында Ө. Бакиров каракчылык кылгандыгы, адам уурдоого катышкандыгы үчүн эркинен ажыратылып, кандайдыр себептерден улам жаза мөөнөтүн толук өтөгөн эмес.  Андыктан укук коргоо органдары Ө. Бакировдун кылмыштуу өткөнүн кызыгышып коюшса, ашыкча болбойт. 

Ал эми саясаттагы жүрүштөрү тууралуу айтсак, Өмүрбек Бакировдун «саясий сойкудан» эч айырмасы жок. Алгач «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы  менен депутат болуп шайланган. Андан кийин КСДПны этегине эрмешип, мандат алууга жетишип, А. Атамбаевге кулдуп үрүп жүргөн. Оомат Сооронбай Жээнбековго өтөрү менен аны айланчыктап, «Биримдик» партиясынын тизмесинде да болгон. 2020-жылдын 5-октябрынан кийин эле президент Садыр Жапаровду жандап басып, анын дарегине мактоо, жактоолорду айтканга өткөн.