Кечээ УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКннын Талас облусунун Кара-Буура районундагы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. 

Бул өлкөнүн ички, тышкы коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы алгачкы курулуш эмес. Коопсуздук кызматынын башына Камчыбек Ташиев келгенден бери аймактардагы башкармалыктардын  имараттарын куруу, жаңылоо системалык көрүнүшкө айланды. Буга чейин да бир катар райондордогу эскилиги жетип, пайдаланууга жарабай калган имараттар жаңыдан курулуп, зарыл материалдык жана техникалык каражаттар менен жабдылган болчу. УКМКнын райондордогу башкармалыктарынын иштерин күчөтүү, көңүл бөлүү, шарттарын жакшыртуу иштери Камчыбек Ташиевдин бул багыттагы приоритеттүү милдеттеринин бири экендигин, имараттардын бирдей архитектуралык типте курулуп жатканы да тастыктайт. Баары бирдей, баары окшош. Акырындап УКМКнын бардык райондордогу башкармалыктарынын  имараттары  окшош болуп калса, кандай жакшы. 

Мамлекеттин коопсуздугу – бул Бишкек, Чүй аймагы менен чектелбейт. Тилекке каршы, буга чейин коопсуздук маселесине ушундай мамиле болуп келген. УКМКнын Камчыбек Ташиевге чейинки төрагаларынын бирөөсү да аймактардагы башкармалыктардын шарттарына, материалдык-техникалык абалдарына кызыгып койгон эмес. Бишкектин, Чүйдүн аймагында эле «кайнай» беришчү. Ал эми аймактардагы коопсуздук кызматкерлери  авариялык абалга кептелген, моралдык да, материалдык да жактан эскирген имараттарда «өлбө жаным, өлбө» деп иштеп келатышкандыгы жалган эмес. Бирок акыйкаттык үчүн айталы, Камчыбек Ташиевдин батыл аракети, эрки менен бул жагдай кескин жакшырып, өлкөнүн коопсуздугуна чындап көңүл бурула баштады. Бул үчүн Камчыбек мырзага баракелде!