21-ноябрда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аксакалдары менен жолугушту. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Бул жолугушуунун катышуучулары азыркы өкмөттүн жана жеке Камчыбек Ташиевдин ишмердүүлүгүнө карата жакшы пикирлерин айтышып, ошол эле учурда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын толук колдой тургандыктарын белгилешти.
Өз кезегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы К.Ташиев, Өзбекстан менен Кыргыз мамлекеттик чек араны 100% чечүү маселелерине, аскердик-техникалык потенциалды жогорулатуу жана экономикалык өсүш ж.б. өлкөдөгү болуп жаткан процесстердин негизги аспектилерине токтолду.