Печать
Категория: Коом
Просмотров: 134

Чет элдиктерге Кыргызстандагы кумарканаларга визалык каттоого турбастан келип-кетүүгө уруксат берүү сунушталууда. Мындай жеңилдик каралган мыйзам долбоору бүгүн 21-ноябрда коомдук талкууга коюлду.

Министрлер кабинети демилгелеп, Экономика жана коммерция министрлиги иштеп чыккан долбоордун негизги максаты Кыргызстандагы атайын оюн-зоок аймактарына келүүнү каалаган чет элдик жарандардын тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыздоо жана ошол аркылуу инвестиция тартуу, кошумча жумуш орундарын түзүү экени маалымдалды.

Эгер сунуш колдоо таап, президент кол койсо, "Тышкы миграция жөнүндө", "Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, кумарканага келген чет элдиктер виза толтурбай, документин каттатпай 15 күн бою жүрө алышат.

Мыйзам долбоорунда "Атайын оюн-зоок зонасы – Министрлер кабинети аныктаган жана/же түзгөн, оюн-зоок уюштуруу жана жүргүзүүгө арналган, аймагында атайын укуктук, валюталык жана башка режимдер иштеши мүмкүн болгон аймак же инфраструктура" экени жана ал аймакта оюн-зоок ишин түзүүнүн жана жүзөгө ашыруунун тартибин Министрлер кабинети белгилей турганы да жазылды.