Кино сценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек

- Өмүрзак Жолдош уулу, “Манастын уулу Семетей” тасмасы Италияда эл аралык кино фестивалда сыйлыкка ээ болгону тууралуу куш кабар көңүл кубантты. Бул эмне деген фестиваль, ага кандайча катыштыңыздар, эмне сыйлык ыйгарылды – ушулар тууралуу айтып бересеңиз.

- Сценарист жана продюсер катары биз буга чейин “Президент жана бомж”, “Моква сүйүүсү”, “Төнкөрүш”, “Миллионердин сүйүүсү” көркөм тасмаларын тартып, бирин-экин гана болбосо негизинен эл аралык кино фестивалдарга катышкан эмеспиз. “Манастын уулу Семетей” мамлекеттер арасындагы маданий алкакта мааниси бар олуттуу тасма болгонунан улам эл аралык дистрибютерлерибиздин сунушу менен а деп Италиянын Милан шаарында 12-17-ноябрда өткөн кино фестивалга катышуу ниетин билдиргенбиз. Тасманы көрүшүп, иш чаранын уюштуруучулары биздин кинону эң маанилүү тасма катары карашып, көрсөтүү кызыган акыркы күндүн эң ылайыктуу убактысы болгон 18.30га (“час пик”) чектешкенин угуп бир кубанганбыз. Фестивалдын катышуучу тасмалары тууралуу басма сөз баяндамасынан кийин Европалык эл аралык дистрибютерлер “Манастын уулу Семетейге” кызыкканына жана кубанганбыз. 17-ноябрда фестивалдын жыйынтыгы чыгарылып, тасмабыз “Эпикалык тарыхты сактагандыгы жана тараткандыгы үчүн” диплому менен сыйланып, жюринин өзгөчө көңүл бурусуна арзыганын билдиришти.

- Арийне, кыргыз тасмасынын Европанын ири өлкөлөрүнүн бири болгон Италияда мындай эл аралык абройлуу фестивалда баалуу сыйлыкка татыганы элибиздин маданий турмушундагы сыймыктуу көрунүш. Мындан ары дагы башка ири кино фестивалдарга катышмакчысыздарбы?

- “Манастын уулу Семетейди” алымча-кошумчалап оңдоп-түзөп октябр айында бир канча тилдерге которуп бүтүп, катышкан алгачкы эл аралык фестивалыбыз ушул Миланда өткөн “Premio Felix” болду. Жакында өтүүчү “Оскар”, Берлин, Канн, Шанхай өңдүү ири фестивалдарга арыз кабыл алуу бүткөнүнөн улам башка жетишчү кароо-сынактарга жана кийинки жылдардагы фестивалдарга даярданмакчыбыз.

Фестивалдардан тышкары башкы максат – тасмабызды бир катар тилдерге которуп, көптөгөн өлкөлөрдүн интернет жана телеканалдарынан көрсөтүү үчүн эл аралык дистрибютерлер аркылуу активдүү аракет жасап жатабыз. Турция, Россия, Казакстан, Италия өлкөлөрүндө көрсөтүүлөр өтүп, алдыда Кытай, Индия, Иран, Түштүк Корея өңдүү мамлекеттердин киночулары менен тыгыз кызматташуудабыз.