Коргоо министрлигинин 73809 аскер бөлүгүндө күзгү чакырык менен келген жаш жоокерлердин аскердик салтанаттуу ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди. 

Кыргызстандын 150дөн ашуун жаш жарандары мекенине берилгендик убадасын беришти.

"Бир ай бою тажрыйбалуу офицерлердин, старшиналардын жана сержанттардын жетекчилиги астында жаш жоокер күчөтүлгөн программадан өтүштү. Алсак, белгиленген күн тартибин жана жалпы аскердик уставдарды окуп, тактикалык жанасаптык даярдыгын өздөштүрүп, аскердик милдеттерин андан ары аткарууга даярданышты", - деп айтылат министрликтин маалыматында.