Эгер акыйкат сүйлөй турган болсок: депутат Масалиевдин саясатта такыр өз орду, карманган принциби, кылган иши жок.

1. Атасынан ашып өткөн уул.

2. Атасынын жолун улап, атасындай боло алган уул.

3. Атасын уят калтырган уул, - дешип коюшат, адатта.

Исхак Масалиев тилекке каршы, үчүнчү катардагы уул болуп калды.

Апсамат Масалиев раматылык эч кимди ээрчибеген, өзүнүн бекем принцибин алып жүргөн, ааламда жок таза адамдын символу болчу.

Исхак Масалиевчи?

Атасы алып жүргөн Коммунисттик партияны шовинисттик банданын түзүмүнө айлантты. Ар кимдин этегин кармап, көрүнгөндүн жетегинде басып жүрдү.

Атамбаевдин кол тийбестигин алышканда чоң ролду ойноп, мурда эч качан ээ болбогон абройго, элдин ишенимине кирип, бирок акырында барып Мадумаровго окшоп артына карай чаптырып салды. Мадумаровдун го ички дүйнөсү гана эмес, сырткы келбети, өзүн алып жүргөн манерасы, сүйлөө маданияты, кылган иштери да "сойку" деген атка татыктуу. А Масалиев болсо, сыртынан көргөн адамдын көңүлү тое турган эле жан көрүнөт. Ошентип, артына көздөй чаптырып, кийин Атамбаевдин сөзүн сүйлөп калды. А түгүл түрмөгө кирип, тизелеп олтуруп кечирим сурап чыккан имиш деген да сөздөр болду. Алтынчы чакырылыштын депутаты болуп жүрүп, депутаттык мөөнөтүнүн бүтүшүнө үч ай калганда мандатып тапшырып чыгып кетти. Андай кылганынын себеби, алтынчы чакырылыш чимкирик атка конуп, элдин назаарынан калган болчу. Ал эми алдыда жетинчи чакырылышка шайлоолор жакындашып калган. "Мен чимкирик эмесмин, буларга кошулбайм, таптазамын, кийинки шайлоодо ушуну эске алгыла" деген кулак кагыш, алдын ала чым баскан арыгын тазалап алуу болгон. Бул деген чыныгы сойкулук деп койсок жаңылбайбыз.

Масалиевдин өзүнчө дүйнөдөгү таза адам болуп ТЭЦтеги өтө чоң афераны текшергендеги жыйынтыгын да айтып өтүшүбүз керек. Максим Бакиев дал ушул ТЭЦтин реконструкциясын, дал эле ошол кытайлыктар менен 150 миллион долларга түзгөн. Ал эми аферист Атамбаев менен ууру Сапар болсо- 386 миллион долларга көбөйтүшүп, 2,5 эсеге ашырып келишим түзүшкөн. Эгер Максим түзгөн 150 млн долларга ремонт бүтө турган болсо, анда 236 миллион доллар каякка кетти?

Он чакты бакыйган депутаттар тобу барып, ушул айырманы таппай, уурдалган акча 111миллион доллар деп жарымын көрсөтүп келишти. Ким билет, барган он чакты "чимкириктин" деле ооздорун майлап коюшкандыр? Ансыз деле, ошол комиссиянын мүчөсү болгон Азамат Жамангулов деген жаш жуткуч кийин коррупция менен кармалды да. Мына ошол Исхак Масалиев эми бүгүн эл бузар, тажиктердин кызыкчылыгына иштеп, 275 метр жерди берип жиберген Адаханды ээрчип жүрөт.

Ушул адам Кемпир - Абадга күйөт деп ким ишенет?

Шамурза Борукулов