24-октябрда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Лейлек районунун Арка айылынын чек ара тилкесинде филе түрүндөгү аткезчилик жүктөрдү ташуу максатында Лейлек районунун Достук айылынын тургуну 1989-жылы туулган Х.Ж.Б. аттуу КР жараны 08KG 849ACN мамлекет номерлүү «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менен кармалган. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тактап айтканда, УКМКнын кызматкерлеринин транспортту токтотуу талабына баш ийбей, «Худжент-Арка» унаа жолуна чыгып, андан соң контрабандалык жүктү сатуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Тажикстан Республикасын көздөй бет алган.
Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, 15-ноябрда Ж.Х. эки суткага Баткен районунун ИИБ убактылуу кармоочу жайына камалды.