Печать
Категория: Коом
Просмотров: 606

 - Камчыбек Кыдыршаевич, кыргыз-өзбек келишими каралган парламент жыйынында Садыр Жапаров баса белгилеп, Өзбекстан менен чек ара чечилгенден кийин Тажикстан менен чечүү аракеттери көрүлө башталаарын айтты. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр кандай болуп жатат?

- Буйруса, ал маселени да карап жатабыз. 3-4 күн болду Душанбеге барып келдик. Кайсы бир деңгээлде сүйлөшүүлөрдү ырааттуу жүргүзүүгө жетиштик. Мурда тирешип турсак, азыр бири бирибизди угуп, бири бирибизге жол бошотууга жакындап калдык. Кудай буйруса, жакынкы күндөрү, бир аптанын тегерегинде Тажикстандан чоң делегация келет. Протоколго кол койдук, мамлекеттик макулдашууларды жүргүзөбүз, аны жүргүзө алсак, кудум эле ушундай кылып тийиштүү кызмат адамдары кол коюп, анан парламентке ашып келебиз. Ийне-жибине чейин талкуулагандан кийин калган чечим кабыл алынат. Парламенттен өтсө, президент кол коет дагы, эки өлкө ортосундагы маселе чечилет.

 - Кемпир-Абад суу сактагычтын пайдасын Кыргызстан эч бир көрбөгөн деп айтып жатасыз. Эмнеге буга чейинки бийликтер бул маселени чечүүгө аракет кылышпаган?

- Ушул убакка чейин Кыргыз мамлекетин канча деген президенттер, мыкты жетекчилер жетектеди. Эгемендүү жылдарды эле айтып жатканым жок, Совет маалындагы, ага чейинкилерди дагы коштум. Бирок Кыргызстан-Өзбекстан чек ара маселесин чече алышпады. Ар түрдүү тоскоолдуктар болду, саясий, экономикалык, кимдир бирөөсүнүн эрки жетпеди, дагы бири батынган жок дегендей. Келишимди өткөрүп жаткан маалда кечээ эле кыйын болуп жүргөн беш-алты жигит келди, президентке да жолугушту. “Бул маселеге тийбей эле койбойлубу, башыңарды оорутуп жаман көрүнүп эмне кыласыңар, кийинкилер чечип алышат”, -дешти. Биз жок, биз чечебиз, бизди жаман көрүшөт экен, интернеттен бир акылы жок жамандайт экен деп тайсалдабайбыз, мамлекеттин маселесин чечиш үчүн келгенбиз деп улуу урматтуу президентибиз экөөбүз катуу аракет жасадык. Аракет түшүмүн берди, мамлекеттин пайдасына чечип алдык.

 - Сизге эркин микрофон.

- Урматтуу эл-журт, урматтуу мекендештер. Оор мезгилде келип, элибизге жасап жаткан кызматыбыз үчүн сыймыктанабыз. Тарых кыргыз-өзбек чек арасын чечип, элдин пайдасына бургула деп бизди тандап алганына ыраазыбыз. Эч убакта мамлекетти артка тартпайбыз. Ар дайым Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып келгенбиз жана кыла беребиз. Элибиз бизди билет, дайыма батасын берип тураарына ишенебиз. Туура бараткан жолду атайылап бузгусу келген провокаторлорго мыйзам чегинде чечим кабыл алабыз, чара көрөбүз. Мурда эмнеге өлкөбүздө тополоң, төңкөрүштөр болуп келген? Себеби, убагында чара көрүлгөн эмес. Чара көрө турган, мамлекеттин тынчтыгын, эркиндигин, туруктуулугун сактай турган адамдар өздөрү туура эмес жолго түшкөн. Эми андай болбойт. Менин негизги милдетим – мамлекеттин тынчтыгын сактоо. Президентибиздин бизге берген тапшырмаларын так жана эл үчүн аткарабыз.