Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров парламент имаратындагы өзүнүн мурдагы иш бөлмөсүнө кайтып келди.
Маалым болгондой, Өмүрбек Бакиров депутаттарга кабинеттер бөлүштүрүлүп атканда биринчилерден болуп Ак үйдүн 7-кабатындагы кабинеттердин бирин күчкө салып эле ээлеп алган.
7-кабатта фракция лидерлери гана отурганы баарына белгилүү. Айрыкча, аны журналисттер жакшы билишет.
Болбосо, Өмүрбек Бакировго Ак үйдүн 4-кабатынан кабинет каралган болчу. Эми болгону өз ордуна кайтып келүүдө. Мындан трагедия жасаштын кереги жок.