Печать
Категория: Коом
Просмотров: 227

 КР УКМК: К.Асанбектин чек ара көзөмөл аймагында болушу боюнча
                                                                                                         
2022-жылдын 16-ноябрында КР УКМК Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Кыргыз-Кытай чек арасына жакын жердеги (Жети-Өгүз району) “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып  келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан «мыйзамдагы ууру» деп аталган К.Асанбек жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана  «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү  тапанча) табылып алынган.

Ошентип, К.Асанбектин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 429-беренесин (Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыш белгилери көрүнгөн. 

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.