Печать
Категория: Коом
Просмотров: 148

Кечээ, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен кыргыз-өзбек чек ара келишимин колдоп берди. Коомдук ишмер Нурлан Мотуев келишим тууралуу пикирин билдирип жатып, депутаттардын туура чечим кабыл алганын белгиледи. 

"Депутаттар туура чечим чыгарышты. Чек ара акыры такталып, коңшу мамлекеттер менен кулак-мурун тынч жашашыбыз керек да. Качанкыга чейин чек арага жакын жайгашкан айыл-аймактардын эли атышып-кырылышып, качып-бозуп, жоо күтүп жашайт.

Президент да орундуу, кыска-нуска жооп берди. Чын эле 30 жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесин азыр чечип койбосо, келечекте 1 сотых жер үчүн эле канча кан төгүлгөнү турат.