Каныбек Осмоналиев кечээ, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин колдоосуна ээ болгон кыргыз-өзбек чек ара келишим тууралуу пикирин билдирди:
- Президент парламентке өзү келип, депутаттарга Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча кайрылуу жасап туура кылды. Анткени, соңку учурларда элдин калың катмарында аталган маселе боюнча түшүнбөстүктөр орун алып, элдин башы айланып калган болчу. Эми баары түшүнүктүү болду. УКМКнын төрагасы дагы ишенимдүү аргументтер менен келген көрүнөт. Эң башкысы биз кошуналар менен чек ара маселесин так жана тез чечип алганыбыз дурус. Азыр дүйнө жүзү боюнча башаламан окуялар арбын. Мындайда кошуналар менен арасат абалда жашоонун өзү опурталдуу. Бүгүнкү парламенттин отуруму чечүүчү ролдо болуп калды. Эми Жараткан бизге эрк берсин. Катуу биригели! Ич ара араздашуунун жолу кайда алып бараарын көрдүк, азабын көп тарттык. Жетишет!