Печать
Категория: Коом
Просмотров: 899

- Кыргызстан дагы бир өлкө менен чек арасын аныктап алды. Бул чоң жеңиш. Эми Тажикстан менен такташып алсак толук кандуу эгемен аймагы бар өлкө болобуз. Мурдатан кыйкырып жаткандар жарытылуу деле аргумент айта алышкан жок. Анткени Ташиев жеткиликтүү кылып түшүндүрүп берди. Кемпир-Абадды стратегиялык объект катары рычаг кылабыз дегендерге айтарым, андай рычагдар бар. Буюрса өлкөбүздүн Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймактарынын ичине дагы суу сактагычтар курулат. Аларды рычаг катары пайдаланса болот. Андан тышкары Токтогул суу сактагычы менен Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы бар. Алар деле рычаг болуп берет. Кыскасы, рычаг көп эле. Бирок келечекте кошуналар менен шантаж кылышпай тынч, ынтымакта жашай турган заманга жетели.