ФБ колдонуучу Шамурза Борукулов баракчасына ЖК депутаты Талант Мамытов тууралуу пикирин жарыялады:
- Атамбаевдин бандиттик башкаруусуна каршы чыккан Ташиев, Жапаровдор менен кошо куугунтукта калып, сасык саясатты, акыйкатсыздыкты, чыныгы досту, деги койчу, баарын ажырата билген жигит деп сыйлачубуз.
Садыр Жапаровду эл өлкө башына алып келген оор 2020-жылдары Мамытовго чоң ишеним көрсөтүшүп, дээрлик Жапаровдон кийинки эле кызматтарды берип жатышты, мандат алып парламенттик креслого чалкалап калганча. Андан кийин деле, токсон депутатты башкар дешип спикерлик орунду карматышты. Бирок марля оромолдой тез алмашкан, кырылгандай спикерлердин эң начары ушул Талант Мамытов болуп чыкты.
Сабаты жагынан: премьер -министр деген сөздү "пример -министр" деп жазган Дастан Жумабековдон да артта экенин өзү далилдеп салды. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, ошол спикер учурунда Москвага барышып, ал жерде орусча сүйлөйм деп, айта турган оюн ит кажыган сөөктөй кылып Кыргызстанды бир уят кылып келди. Катардагы депутат эмес эле да, бакыйган спикер болчу.
Мына ошончо кемчилиги туруп, спикерлик кызматтан алып койсо, кечээ күнү достукту да, акыйкатты да, мурдагы өзүнө болгон урмат-сыйды да тебелеп, көз ачып жумганча мадумаровчу бузукулардын катарынан орун алып, каршы добуш берип салды.
Кемпир -Абад эң туура чечим болгонун сыртта жүргөн жөнөкөй адамдар- биз деле билип турабыз.
Жапаров менен Ташиев эч качан кыргыздын акысын башкага жедирип кое турган жигиттер эмес экенин да алда качан түшүнүп жеткенбиз.
Эмне, ушул нерсени колтукташып бирге жүргөн, а түгүл түрмөдө бирге олтурушуп бири-бирине жыты сиңишип калган, оор күндөрдө жарым нанды бөлүп жеген Талант Мамытов билбей калабы? Бул жерде каратып туруп САТКЫНДЫК болду. Ошон үчүн айткан да "жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста" деп.
Тылтыйып алып жакшы эмес жигит экен.