Печать
Категория: Коом
Просмотров: 197

Бүгүн Студенттердин эл аралык күнү. Дүйнө жүзү боюнча жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттери тарабынан кеңири белгиленүүчү майрам «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы үчүн өзгөчө мааниге ээ. 

2021-жылы компания Бишкектеги Т. Молдо атындагы №71 мектеп-интернатынын үч бүтүрүүчүсүн камкордукка алган. Бүгүнкү күндө алар И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда билим алып жаткан кези.

«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коому ишкананын корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында студенттердин окуусун төлөп, балдарга форма алуу үчүн материалдык жардам көрсөтүп келет.

Майрамга карата КАИнин студенттери эмне себептен өз жашоолорун авиация менен байланыштыргандыгы тууралуу айтып беришти.

«Мен кичинекей кезимде эле авиатор болууну кыялданчумун. Бул жаатта иштеп, бир пайдалуу ачылыш жасагым келчү. Мен тилегиме жакындай баштаганым өзүмө сезиле баштады. Себеби институтта керектүү билимге ээ боло баштадым. Мисалы, учуучу аппараттардын техникалык эксплуатациясы тууралуу. Мен «Манас» эл аралык аэропорту» ААКсына жардам жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем», - деп КАИнин колледжинин студенти Байбек Базаркулов белгиледи.

Болочок бортинженер Нурдан Матысаков да өз окуясы менен бөлүштү.

«Биринчи класста окуп жүргөндө авиацияга барам деп чечкем. Алгач учкуч болгум келчү. Бул оюмду үйдөгүлөр, өзгөчө атам колдоп келди эле. Тилекке каршы, ата-энем жанымда жок. Бирок, бир күнү мен жогорку деңгээлдеги адис болом, балким, баары сыймыктана турган учкуч болом деген кыялым бар. Бактыма жараша, мага колдоо көрсөткөн адамдар бар. Мен өлкөбүздөгү авиация тармагын өнүктүрүүгө өз салымымды кошууга аракет кылам», - деп билдирет Нурдан. 

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы бардык студенттерди майрамы менен куттуктайт!