17-ноябрда Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө кино күнү белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов катышып, кино ишмерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады.
Максутов бүгүнкү күндө кинематография жана жалпы киноиндустрия Кыргызстанда динамикалык өнүгүү жолунда келе жатканын айтты жана улуттук тасмаларды жүгүртүүнүн көлөмү жылдан-жылга өсүп, республиканын калкынын кинотеатрларга баруусунун саны көбөйүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле тартылып жаткан ата мекендик тасмалар эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарга ээ болуп жатканы өлкөдө киноиндустриясынын өнүгүп жатканынын далили экенине токтолду.
Андан соң бир катар кино ишмерлерине Кинематография департаментинин “Кыргыз киносунун отличниги” төш белгисин тапшырды.
17-ноябрь кыргыз киносунун күнү жана кинематографисттердин кесиптик майрамы.