Кемпир-Абад боюнча көп нерсени айтса болот. Бирок кыска эле жазайын. Негизи маселе саясатташып кетти. «Кумтөрдөн» саясат жасоо натыйжасыз болуп калгандан соң Кемпир-Абадды бутага алышты. Маселени катастрофа, трагедия катары сыпатташып, аны жалпы элге таңуулоо аракети болуп келгенине акыркы камоолордон кийин биротоло ынандык.

Дегинкисинде 60-жылдары Өзбекстан бийлиги тарабынан курулуп, ал үчүн Кыргызстанга башка жерлер берилип, суусун дээрлик өзбек туугандар пайдаланып келген суу сактагычты «бербейбиз, толук өзүбүзгө алабыз, суусун өзүбүз гана пайдаланабыз» дегендин өзү нонсенс болчу. Өзбекстан өз акчасына курса, компенсациясы үчүн 4100 гектар жер да берсе, бизге дагы эмне керек? Жапаров менен Ташиевден башкалар бийликте турса деле Кемпир-Абаддын тагдыры ушундай чечилмек.

Макулдашуу менен эбак чечилген маселе укуктук, дипломатиялык жактан бекемделип, ал аркылуу бир катар чек ара талаштарына да чекит коюлду. Суу сактагычты курууда убадаланган жерлердин калганы аталган Макулдашуунун негизинде берилгендиги, чек ара посттору алынып, жолдор кыскарганы, эки өлкөгө кирип, чыгуу жагдайлары жеңилдеп, өлкөбүздүн пайдасына иштеген чечимдер да болгондугу К.Ташиевдин маалыматында белгилүү болду.

Айрым жерлердин Өзбекстанга берилгени үчүн жер тепкилеп, мекенчилдик сезимдерди козгоп, бийликти ашатып, айыптай берүү туура эмес. Азыркы бийлик чек аралардагы талаш маселелерди паритеттүү негизде, кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен чечишүүдө. Ансыз деле суунун алдында калган жер Өзбекстанга өтсө, биз 19 миң гектардай жер алыптырбыз, Мунун эмнеси жаман?

Маселеге калыс, обьективдүү карайлы. Биз компрпомисске барсак, өнөктөштөр да компромисске келишет, талаш маселени рационалдуу негизде чечүүнүн жолу табылат. Какайып тура берсек, бизден эч ким коркуп кетпейт, жаңжалдар, кагылышуулар гана жаралат. Андан кимдер азап тартат? Борбордогу саясатчылар эмес, чек араларга жакын жашаган мекендештерибиз жабыр тартышат, жоготууларга учурашат. Ооба, жер кымбат, бирок андан да аманчылык, элибиздин, өлкөбүздүн келечеги кымбат экенин эстен чыгарбайлы.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист