Печать
Категория: Коом
Просмотров: 178

Жогорку Кеңештин жыйынын көрүп эмнелерди түшүндүм:

Биринчиден, келишимди элге кеңири таратпай, Өзбекстандын парламенти кабыл алгандан кийин анан биздин караганыбыз - логика боюнча бизде утуш көбүрөөк экенинен кабар берди. Себеби, биз биринчи карап, артыкчылыктарды, уткан жактарды санап кирсек, кошуналарда нааразылык пайда болуп, алардын парламентинен өтпөй калышы мүмкүн болчу.

Экинчиден, Кемпир-Абадды буга чейин миң жолу биздин жер деген менен, бир тыйын пайдасы тийбей келген. Эл каалагандай керектүү учурда сууну буруп кете алчу эмес, керек эмес учурда айылдарды суу каптатышчу, мал сугарып, же балык уулап кармалып жазалангандар көп болгон. Азыркы келишимде башкаруу эки тараптуу болуп бул маселенин баарына чекит коюлду. Эми Ош, Жалал-Абад облустарынын айылдарында сугат жерлер көбөйүп, каалаган учурда сууну буруп келгенге боло турган болуптур.

Үчүнчүдөн, Орто-Токой, Чечме да кетиптир деген жалган экени такталды. Мурун кандай статуста турса ошол абалда калды.

Төртүнчүдөн, эки өлкөнүн достук мамилесинен улам Бегабад-Достук посттору ачылып Ош-Бишкек жолу бир канча саатка кыскарат. Бул деген элдин өмүрүн жол кырсыктарынан каза болуу коркунучун азайтуу жана күйүүчү-майды эконом кылуу менен элдин чөнтөгүнө пайда келтирүү. Жеке өзүм үчүн ушул жери аябай жакты. Бишкектен кечинде чыгып Ошко баратканда түнү менен жол жүрүп, как раз таң атып баштаганда уйкуң келе баштайт. Ошол кезде ДТП көп катталат. Ал эми Бегабад ачылса, жол кыскарып, Жалал-Абаддан сразу эле Ошко жетип калган кандай сонун нерсе. Бул иш менен эки тарап тең элдин сообуна калды.

Бешинчиден, өзбек президенти Шавкат Мирзёев кыргызга кыянаттык кылбаган жагы бар. Угушумча аны кыргыз эне багып өстүргөн экен. Ошол себептен бизге мамилеси жылуу. Өзбекстанга барганда кыргыз айылын көрсөңөр, Кыргызстан Кыргызстанда эмес, Өзбекстанда деген ой кетиши мүмкүн. Ал айыл атайын президенттин каалоосу менен салынган дешет.

Алтынчыдан, сабаттуулар берип ийген төрт көчөнүн статусун кайра нейтралдуу кылып сүйлөшкөнгө жетишкени да чоң ийгилик. Бул да болсо эки өлкөнүн тынчтыгына себеп боло турган нерсе. Бул жыйында ушул жаңылык да жакшы кабар болду.

Жетинчиден, убагында Барак Обамага чейин кайрылышып анклавда калган Барак айылынын көйгөйү чечилгени өтө чоң кубаныч. Себеби, байкуштар өз үйлөрүнө барыш үчүн 5 км жерден өтө албай 300 км жерди Кызыл-Кыя аркылуу айланып келишчү. Андан сырткары мурдагы талаш жерлердин баары биз тарапка өткөнү жакшы жаңылык.

Ушундай биздин пайдабызга чечилген учурларды көрүп чын эле утушта экенбиз дедим. Ал эми элди козутуп Кемпир-Абадды сатып ийди, Орто-Токойду да, Чечмени да берип ийди деп дүрбөлөң салгандар кандай адамдар экенин мезгил өзү аныктаар.

Кемпир-Абад боюнча сүйлөшүүнү Камчыбек Ташиев депутат айымга “сиз удостоверениеңизди ГАИге көрсөткөндөй” деген сыяктуу мен да жалпак тил менен түшүндүрүп көрөйүн:

Сиздин үйдө көзү өткөн атаңыздан (СССР) калган лоток (арык) бар. Ал арыктан аккан суунун Сизге пайдасы жок. Суу кошунанын короосуна кирет. Бир күн кошуна Сизге ошол арыктын ордуна башка жеринен андан көбүрөөк жер тилкесин берип, заборун артка жылдырып алды. Андан сырткары кошунанын огороду аркылуу арткы көчөгө өткөнгө коридор ачып берди. Мурда арткы көчөгө чыгыш үчүн бир канча үйдү айланып келиш керек болчу… Анын үстүнө кошуна цементтен жасалган лотокту тешип, огородуңду каалашыңча сугара бер десе, мурда бир тыйын пайдасы тийбеген учурга караганда мен утушта боломбу? Эгер бул макулдашууга барбасам ошол лоток ошол бойдон ага бермек. Мага кошумча жер, артка өткөнгө коридор дагы жок эле… Андыктан, кандайдыр бир деңгээлде мен утушта экенимде сезишим керек. Тем более келишимдин алтынчы пунктунда кошумча протоколдор менен өзгөртүү киргизсе болот деп турат. Балким, 50-60 жылдан кийин суу кургап калса ал жерди кайра кайтарып алса болот. Таптакыр эле чекит коюлган жок. Бирок ошол 50-60 жылга (ал дагы белгисиз суу канча жыл болоору) чейин ошол көлөмдөгү жер жок отура бериш керек беле?! Суу кургап калганда өзбектерге биздин кум-шагыл баскан жерибиздин керектиги деле күмөн…

Кудрет Тайчабаров