Печать
Категория: Коом
Просмотров: 172

Кемпир-Абад суу сактагычы 1965-жылы курулган. Ошол убакыттан бери суу сактагычты Өзбекстан колдонуп келген. Кыргызстандыктардын эч бири көлгө чөмүлүп же ээн эркин балык кармаганын айтып бере албайт. Бул тууралуу саясат талдоочу Актан Ажымамбетов билдирди. 

Эске салсак, бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишим талкууланууда. Жыйынга президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышууда. 

"Жаңы түзүлгөн келишим Кыргызстан үчүн бир топ пайдалуу. Мындан ары суу сактагычты эки өлкө биргеликте колдонот. Андан тышкары, жаңы жерлерди алып жатабыз. Ошондой эле, суунун деңгээлин бизге ылайыктуу горизонтко чейин түщүрүүгө жетиштик. Бул өз кезегинде жергиликтүү калк үчүн керек, алар жашаган айылды суу баспайт.

Ал эми Кемпир-Абаддын тегерегинде ызы-чуу жаратууну каалап жаткандар - жеке саясий амбициясынын айынан коомчулукка туруксуздук орнотууну көздөгөн популисттер", - деди Ажымамбетов.