Печать
Категория: Коом
Просмотров: 179

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өтө көп талаш аймактар болгон, буга чейинки президенттер жоопкерчиликтен качканы үчүн ага чекит кое алышкан эмес. Мындай пикирин коомдук ишмер Тимур Саралаев билдирди. 

"Мурдагы бийликтер бул маселени чечүүгө аракеттенишкен эмес. Көбү муну мактаныч катары айтып жатышат, эч нерсеге кол койгон эмеспиз дешип. Бирок алар жөн гана чек ара маселесиндеги жоопкерчиликтен качканын түшүнүщүбүз керек. Бул жерде мактана турган эч нерсе жок. Мен Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймактары өтө узун экенин эске салып коеюн. Ошондуктан, мамлекет үчүн бул маселеге чекит коюу абдан маанилүү.

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе тууралуу өтө көп такталбаган маалыматтар коомчулукка тарады. Андан улам көпчүлүгү келишимге каршы пикирин билдирип жатышат.

Популисттик, эмоционалдуу кыйкырыктар абдан көп, аны түшүнсө болот. Туура эмес маалыматтарга ишенип алышкан. Бирок мамлекеттик деңгээлде ойлонуу керек, бир айылдын кызыкчылыгын эмес, стратегиялык багытты эске алуу кажет. Суу толугу менен Өзбекстанга өттү деген билдирүүлөр туура эмес. Мисалы, мурда плотинаны бир гана Өзбекстан башкарса, эми 50-50 негизинде башкарылат. Кыргызстан суу ресурстарын пайдалана алат. Чек ара маселесин эртеби-кечпи чечишибиз керек, азыр буга ыңгайлуу шарт болуп турат", - деди Саралаев. 

Ал эгер азыр процессти токтотуп койсок, бизден кийинки муун кайра эле ушул маселеге дуушар болуп, чечүүгө аргасыз болоорун белгиледи. 

"Өзбекстан позициясын өзгөртпөйт да, алардын да өзүнүн кызыкчылыгы, максаты бар. Азыр биз бул маселени өзүбүзгө пайдалуу кылып чечтик", - деди коомдук ишмер.