Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Адахан Мадумаров юстиция министрин сынга алды. Ага жооп иретинде мамлекет башчы Садыр Жапаров Мадумаровдун сүйүктүү сөзү "сабатсыз" деген сөз экенин белгиледи.
"Сабатсыз деген сөз сиздин сүйүктүү сөзүңүз. Бул министр сабаттуулугу жагынан сизден калышпайт, ал турмак ашат. Ал үч тилде эркин сүйлөйт: кыргыз, орус жана англис тилинде. Кумтөр боюнча 30 жыл кыйкырып, ушул залда мушташып да жетише албаган нерсебизге жетишүүгө ушул жигит юридикалык жактан өтө чоң салымын кошкон. Түнкү саат 3тө ойготуп, конституциялык нормалар тууралуу сураңыз, жооп берет. Жөн эле сен сабатсыз, мен сабаттуу деп бири бирибизди кемсинте бербейли. ", - деди Садыр Жапаров.
Аны менен катар президент "качандыр бир сабаттуу адамдар жерибизди берди эле, эми сабатсыздар аны кайтарып жатышканын" тамаша иретинде айтты.
"Сиз берип жиберген Төрт-Көчө боюнча маселелер жаралып жатканын билесиз. А биз жерди кайтарып алып жатканыбызды Камчыбек Кыдыршаевичтин докладынан, менин айткандарымдан билдиңиздер болушу керек", - деди мамлекет башчы.