Кыргызстанда бийлик конституциялык жол менен гана алмашат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. 

Ал кармалган активист, саясатчы жана журналисттер тууралуу пикирин билдирди. Ага чейин депутат Адахан Мадумаров "Өз пикирин ачык айткандар азыр кайда экенин билебиз", - деген болчу. 

"Адахан Кимсанбаевич, алар өлкөгө башаламандыкты жана туруксуздукту орнотууга даярданган провокаторлор. Биз бийликке башаламандык уюштуруу менен келүүнү каалагандардын тамырын кырктык. Мындан ары да кыркабыз. Бул мамлекеттик бийликтин милдети. Кыргызстанда бийлик бир гана конституциялык жол менен алмашышы керек", - деди Камчыбек Ташиев. 

 Ал буга чейин бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн милдетин аткарбагандыктан өлкөдө үч жолу революция болгонун белгиледи. 

"Биз өлкөнүн тынчтыгын жана туруктуулугун сактоого милдеттүүбүз", - деп кошумчалады.