Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарова УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге суроо узатты.
"Келишимде суу сактагычты 50-50 эсебинде биргелешип башкаруу, буга чейин Кыргыз тарап суу сактагычтан 1 литр дагы суу албаганы жазылыптыр. Буга чейин андай болгон эмеспи? Дамбаны ким курган? Эмне үчүн буга чейин сууну кыргыз тарап пайдалана албаган? Кандай тоскоолдуктар болгон?" - деди депутат.
Буга жооп берип жатып Камчыбек Ташиев суу сактагычтын жанына барганы үчүн кыргыз жарандары окко кабылган учурлар да болгонун эскерди.
"Сууну пайдалануу, бөлүштүрүү мындай турсун, кыргызстандыктар суу сактагычка жакын басып да бара алган эмес. Дамба союз убагында генпландан Өзбекстанга каражат бөлүнүп, коңшулар тарабынан курулган. Азыр деле суу сактагычтын жанына жакын баруу мүмкүн эмес, мисалы, сиз жакында ГАИ кызматкерине депутаттык күбөлүгүңүздү көрсөттүңүз го, ошентип көрсөтсөңүз деле киргизбейт. "Бул дамба биздики, биз курганбыз", - дешет. Азыр бул жерде өзгөндүк, карасуулук депутаттар отурушат, алар деле билишсе керек. Ушул убакка чейин көлдү пайдаланууга эч кандай укугубуз болгон эмес, балык кармай алчу эмеспиз. Мал суугарууга барганда капысынан алар келип калса артыбызды карабай каччубуз. Кармап алышса, жазалашчу. Ок атылып, жарадар болгон, каза болгондор болгон.
Биз азыр мыйзам чегинде кабыл алып жатабыз. Мындан ары көлдү чогуу пайдаланууга, башкарууга, сууну тартып кетүүгө, балык уулоого, суунун деңгээлин көзөмөлдөөгө, сууну насос менен тартып чыгарып кетүүгө укук алып жатабыз. Бул эки адамдын телефондон сүйлөшүүсү же бир кагазга кол коюу эмес, мыйзам чегинде укук алып жатабыз", - деди Ташиев.