Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш тилкелеринин бир дагы сотых жери дагы коңшу өлкөгө берилген жок. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Бүгүн депутаттар 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишим жана эки өлкөнүн өкмөтү ортосунда Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорлорун карап жатышат.
“Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди эске албаганда талаш жерлер бизге өттү. Буга чейин бир дагы өкмөт, мамлекет башчы Кемпир-Абаддын сол жээгинен кеткен каналды “куруп бересиң” же “компенсация бересиң” деп сурай алган эмес. Сураса дагы эч нерсе ала алган эмес. Биз буга жетиштик. Башында өзбек тарап “сол жээктеги каналдын ордуна финансылык компенсация берели” деди. Бирок финансылык компенсация албай турганыбызды билдирип, жер ала турганыбызды айттык. Анын негизинде Гавасайды (12 миң 849 гектар жер) алып отурабыз”, - деди Ташиев.