Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек ара боюнча келишим каралып жаткан маалда "Келишимге ким кол койду?" - деген суроо узатты. 

"Совет-Абадда төрөлгөм. Кемпир-Абад курулуп жаткан маалда акылым кирип калган жигит болчумун. Эки элдин арасында тынчтыкты сактап, достукту бекемдеш керек, ал түшүнүктүү.

Касташканды токтотолу. Мен кыйкыргыч эмесмин. Мамлекетчил деген түшүнүктү абдан жакшы билем. Үзөңгү-Кууш, Каркыра боюнча дагы убагында каршы добуш бергем, бирок мыйзам күчүнө киргенде турмуш уланып кете берет, жашай беребиз. Элибизди бүгүн бөлүп алып, эртең чогулта албай калбайлы. Каршылаштык боло берет, аны өөрчүтпөйлү. Менде бир эле суроо бар: келишимге ким кол койду?", - деди Масалиев. 

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келишимде тышкы иштер министринин колу турганын эске салды эле, Масалиев суроосун кайра кайталады: "Өкмөт башчы кол койдубу же ким?"

"Ратификацияга чейин тышкы иштер министрилиги кол койду, ратификациядан кийин президент кол коет. Билип туруп сурай бересизби?" - деди Ташиев. 

 "Дайыма келишимдерге ушундай кол коюлат. Биринчи эки өлкөнүн тийиштүү кызмат жетекчилери кол коет. Ратификациядан кийин президент кол коет", - деп Садыр Жапаров дагы тастыктады. 

Ал эми Камчыбек Ташиев Исхак Масалиевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды:

"Эч ким эч кимге касташкан жок. 1965-жылы чоң жигит болгом дейсиз, ал убакта сиз 5 жаштагы бала болгонсуз. Мыйзам боюнча суроолорду берсеңиз жакшы болот эле. Келишимдин кайсы жери туура эмес болуп калды, кайсы жерин оңдош керек? Келишим боюнча сиз дагы көп маалыматтарды, маектерди бердиңиз, бул жери мындай, тигил жери тигиндей болуп калган деп айтсаңыз, жооп берет элек. Бул жерди туура эмес бердиңер, тигил жерди туура эмес алдыңар деген сунушуңуз жокпу? Мыйзам жагынан так болгондон кийин кычып эле суроо бере бербеш керек".