Кыргыз-өзбек чек ара маселесин чечүү туура жолдо баратат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди. 

Ал белгилегендей, Өзбекстанга Кыргызстан жер берген жок, бирок мурдагы бийликтер учурунда берилип кеткен жерлерди кайтарды. 

"Сиздер келишимдин тууралыгы боюнча Камчыбек Кыдыршаевич архивдик документтер менен далилдеп берди. Дагы кандай далил керек? Биз туура кадам жасап, туура чечим кабыл алып жатабыз. Буга тарых баасын берет. Бардык документтер архивде калат", - деди президент. 

Ошондой эле, ал Өзгөндүн жашоочуларына кайрылып, суу астында жаткан жерди 10 же 100 жылдан кийин да алмашып алса болорун айтты. "Бүгүнкү келишим менен чек араларыбызга чекитти коюп алалы. Бир эле Өзгөн менен маселе чечилип жаткан жок. Бүтүндөй Кыргызстан боюнча 1,5 миң километрге жакын чек ара маселесине чекит коюлуп жатат", - деди.

Президент депутаттарга кайрылып, мамлекеттин тагдырын чечүүчү маселеге келгенде жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

"Албетте, баарыңарды айткандан алысмын, бирок айрым депутаттар добуш бербейм, өкмөт менин суранычымды аткарбай жатат деп жатышат. Жеке маселебиз менен келсек мейли колдобой эле койгула, бул маселе мамлекеттин түбөлүк бүтүндүгү, коопсуздугу үчүн кабыл алынып жаткан мамлекеттик маселе. Бул маселеге жеке таарыныч менен мамиле кылган туура эмес, урматтуу депутаттар", - деп белгиледи.

Президент чек ара маселесин кийинкиге калтырбоого болбой тургандыгын кошумчалады. "Чек араны бүгүн чечпесек, кийин мындай ийгиликтүү келишимге жетиш биз үчүн өтө оорго турат. Мындай ийгиликтүү жеңишке жете албай да калышыбыз мүмкүн. Күндөн-күнгө, жылдан-жылга кошуна элдердин саны өсүп жатат. Жерлер тарып жатат, кийин чечебиз деп калтырып койсок, ошол мезгилде 19 миң гектар жер эмес, бир сотых жер үчүн кан төгүлөт. Буга чейин деле канчалаган жөнөкөй жарандарыбыз, аскерлерибиз чек ара чырынан курман болушту", - деди Садыр Жапаров.