Печать
Категория: Коом
Просмотров: 171

Кемпир-Абаддагы суу алдындагы жер Өзбекстанга берилсе, Кыргызстандын бир катар аймактары анклавга айланып калабы? Бул боюнча УКМК төрагасы депутат Тазабек Икрамовдун суроосуна жооп берип жатып, коомчулукка туура эмес маалыматтар тараганын белгиледи. 

"Анклавда калып кетишибиз мүмкүн деп жатасыз. Кантип айтып атасыз? Сиздин айтканыңызга таянып алышып, суу баскан жерди берсек анклав болобуз деп түшүнгөндөр пайда болот. Кантип калабыз? Азыр сиз суунун үстүнөн кеме менен өтүп жатасызбы? 70 жылдан бери суу баскан жерди айланып өтүп келатабыз, мындан ары да айланып өтөбүз.

Орто-Токой суу сактагычы боюнча да бир-эки мамлекеттик, коомдук ишмерлер, айрым журналисттер туура эмес маалымат таркатып жатышат. Орто-Токой, Чечме кетти деп жазышты. Урматтуу депутаттар, колуңарда документтер турат, коомчулукту көтөрүп, дестабилизация кылуу максатында жалган маалыматтарды тараткандарды мыйзам чегинде жоопко тартсак, анда да капа болосуңар. Орто-Токой суу сактагычынын плотинасы, суусу, жери дагы өзүбүздө калды. Компенсация катары берилген жерлер дагы бизге өттү. Ал үчүн Кыргызстан эч кандай кошумча милдеттенме алган жок. Ошондуктан, Орто-Токо маселесин ушуну менен унутуп койсок болот", - деди Ташиев.