Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишим талкууланып жатат. Депутат Тазабек Икрамов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге Кемпир-Абадга куюлган сууларды Кыргызстан өзү иштетсе кандай болоорун сурады. 

"Кыргызстандын бир топ жерлери суугат суу менен камсыз болот эле. Кемпир-Абадга жеткирбей, өзүбүздү суу менен камсыз кылсак болбойбу. Биздин суу менен Өзбекстан канча пайда таап жатат", - деди депутат. 

"Сиз Сузактан болосуз, жакшы билсеңиз керек, Чаңгет суусун тосуп туруп суу сактагыч куруп алсак болбойбу? Болот. Көгарт суусун тосуп, суу сактагыч курсак болбойбу? Болот. Мунун Кемпир-Абадга эч кандай тиешеси жок. Сүйлөшүүлөр жолу менен жасалып, бүтүп калган жумушту артка кайтаруу болбойт. Кемпир-Абадды башка жакка жылдырып салууга же башкадан жасоого мүмкүн эмес. Жашырган-жашырбаганда эмне, мурда компенсация катары берилбей калган жерлерди алдык. Мурдагы, 1965-жылдагы жана азыркы келишим боюнча да компенсация катары эң көп жер Аксы менен Ала-Бука районуна тийиштүү болуп калды. Бул тарыхый факт. Кудай буйруп, ратификациядан өтүп, кол коюла турган болсо, Кыргызстандын картасы дээрлик 500 гектарга кеңейет.

Суу астындагы жерди берип койдук деп жатабыз. Аны берсек, бербесек дагы бүгүнкү күндө кайтарып ала албайбыз. Кайсы бир убакта суу астындагы жер бизге керек, аны бизге жаздыргыла, анын ордуна башка жерди алгыла десек, коңшу өлкө жан деп берет. Суу астындагы жерди бизге калтыргыла, ордуна эч нерсе албайбыз десек, Икрамовду башына көтөрүп, рахмат айтышат", - деди Камчыбек Ташиев.