Печать
Категория: Коом
Просмотров: 238

Депутат Тазабек Икрамов кыргыз-өзбек чек ара келишимин кароо учурунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге Өзбекстандын газын Кыргызстандын суусуна алмаштырууга болоор-болбостугун сурады. 

"Биз Өзбекстандан газ сатып алып жатабыз. А бирок суунун акысын ала элекпиз. Биз силерге суу беребиз, силер бизге газ бергиле дегендей келишим кылсак болобу?" - деди Икрамов. 

УКМК төрагасы суунун агымын тыйып кое албагандан кийин, 70 жыл илгерки келишимдин шартында каралбаган соң, мындай кылуу реалдуулукка жатпай турганын билдирди. 

"Сиз, мен жана бул жыйында отургандардын көбү төрөлө элек маалда суу сактагыч боюнча келишим кабыл алынып, шарттар бекитилген. Каалайбызбы, каалабайбызбы, Кемпир-Абадга топтолгон сууну 70 жылдан бери Өзбекстан колдонуп келатат. Көп шарттар сүйлөшүлбөй калып кеткен. Азыр биз аны кайрадан жаңыртып, кайсы бир деңгээлде пайдасын алып калалы деп жатабыз. Сууну сатабыз деп чыксак деле сата албайбыз, шарт ушундай болуп калган. Суубуз топтолот дагы Өзбекстанга кирип кетет. Сууну сатуу боюнча сөз болгон жок жана болушу да мүмкүн эмес", - деди Ташиев.