Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстандын карамагында, Өзбекстанга берилген жок. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Эске салсак, Кемпир-Абад боюнча кыргыз-өзбек келишимин сынга алгандар Орто-Токой суу сактагычы дагы коңшу мамлекетке берилгенин, эми анын кесепетинен суу сактагычтын тегерегинде жайгашкан айыл аймактарына маселе жаралаарын жарыялашкан. 

Бирок УКМК төрагасы мындай маалыматтарды четке какты. 

“Буга чейин Орто-Токой дагы Өзбекстанга берилип кетиптир деген сөздөр тарады. Бул туура эмес. Орто-Токой толугу менен Кыргызстанда калды“, — деди.  

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишим каралып жатат. Жыйынга президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышууда.