2022-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынан балды жана бал продукциясын Кытай өлкөсүнө экспорттоо боюнча расмий уруксат берилди.
Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын жана Кытай Эл Республикасынын реестрине кирген б.а. Кытай Эл Республикасынын ветеринардык-санитардык 5G сертификатын алган компаниялар экспорттой алат.
Эске салсак, 2019-жылы пандемияга байланыштуу Кытай Эл Республикасына балды жана бал продукциясын экспорттоо токтоп калган.