Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн "Азаттыктын" кызматкерлерине берген акредиттик ырастама убактылуу токтотулду. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин хостинг/интернет провайдерлери жана байланыш операторлору аркылуу «Азаттык Медиа» сайттарынын ишин эки айлык мɵɵнɵткɵ токтотуу жɵнүндɵгү чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине ЖМК ɵкүлдɵрүн аккредиттɵɵ тууралуу комиссия ЖМК журналисттерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине аккредиттɵɵ жɵнүндɵгү эреженин 4.1-пунктунун VI абзацына ылайык, парламенттин ишин чагылдыруу үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлерине берилген аккредиттик ырастаманы 2022-жылдын 17-ноябрынан тартып жогоруда аталган министрликтин чечиминде белгиленген мɵɵнɵткɵ чейин токтотту", - деп жазылат маалыматта.