Өзбекстандын президенти Абдулла Ариповдун кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр жана анын негизинде жетишилген макулдашуулар тууралуу билдирген. Gazeta.uz басылмасы жазып чыккандай, Кыргызстан Сох экславына коридор бербейт, бирок эки тарап жарандардын чек арадан кирип-чыгуу процедураларын жеңилдетүүнү сүйлөшүшкөн. 

"Сох боюнча кыргыз туугандар менен макулдашуубуз бар. Риштандагы эң кыска жолду - ал жол Кыргызстандын аймагы аркылуу жана Чунгара айылы аркылуу өтөт - калыбына келтирүү боюнча сүйлөшкөнбүз. Кыргыз тарап жолду калыбына келтирди, оңдоду. Бирок Өзбекстан менен Сох районун бириктире турган өзүнчө жол болушу мүмкүн эмес. Бул абдан татаал. Мындай маселени күн тартибине алып чыгуу маселени туңгуюкка алып барууга барабар. Мисал келтирсем, ушундай эле маселе Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда да бар. Менимче, бул эч качан маселени чечпейт. Аны жасоо мүмкүн эмес", - деген Арипов. 

Ошону менен катар ал макулдашууларга ылайык, Кыргызстан бүгүнкү күндө Сох районунан чыгуу жана кирүүлөргө эч кандай тоскоолдук жаратпаганын белгилеген. 

"Эки альтернативалык жол бар: Риштан жана Вуадилю. Ачыгын айтканда, биз коридор ачуу маселесин беш жыл мурда көтөргөнбүз. Ал турмак эктакада жана башкаларды куруу маселеси да айтылган. Бирок бул эч убакта жасоого мүмкүн болбогон нерсе. Биринчиден, абдан кымбат. Экинчиден, чындыгында реалдуу эмес. Жакшысы, келишимге барып, биздин калктуу конушубуздун тургундары кыйынчылыксыз бизге келип, бул жактан көздөгөн жерине барып тургудай кылыш керек", - деди. 

Айтымында, чек арадан чыккан сайын тургундардын паспортуна печать коюлат. Мындан улам туруктуу иштеген тургундардын паспорту бир айда толуп калат. Ошондуктан, Кыргызстан менен алар паспорттун ичине вкладыш киргизүү боюнча макулдашышкан.