Печать
Категория: Коом
Просмотров: 230

Президент Жапаров эртең, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат.

Парламенттин жыйынында Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү Мамлекет башчысынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет.

Мындан тышкары, жыйында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралары күтүлүүдө.

Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук каналдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларында көрсөтүлөт.

Башталышы — 10:00.