Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасы эки өлкөнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча макулдашууну ратификациялады. Бизде ал макулдашууну Жогорку Кеңештин профилдик комитети жактырып, парламенттин кароосуна жөнөттү. Парламент аны ратификациялайт. Андан кийин ратификациялык документтерге эки өлкөнүн президенттери кол койсо, ал толук күчүнө кирет. Факты жүзүндө ал суу сактагычка 1983-жылдан бери Өзбекстан ээлик кылып келсе, ал укуктук жактан биротоло бекемделет.
Бул маселени башынан аягына чейин маркум Т.Усубалиевден мыкты билген эч ким болгон эмес. Ал өз макалаларында суу алдында калган жерлер үчүн Кыргызстан өз убагында Өзбекстандын бизге чектеш райондорунан 4100 гектар жер алганын, ал жерлердин айрым участкаларына стратегиялык обьктилер курулса, калгандары айыл чарбасына пайдаланылып жатканын жазган. Алсак, азыркы Кербен аэропортунун бир бөлүгү мурда Өзбекстандын Нанай совхозунун жери болгон. Компенсация үчүн алынган жерлер Түштүктүн баардык облустарында бар. Демек, иш жүзүндө Кемпир-Абаддын суу алдында калган жерлеринин ордулары советтик мезгилде эле толтурулган. Бирок, Т.Усубалиевдин айтуусунда, Өзбекстан Кыргызстанга канал куруп берүү жөнүндөгү, анан дагы бир убадасын аткарган эмес. Эгерде алар да чечилсе, биздин суу сактагычка карата эч кандай дооматыбыз калбайт. Ошондуктан айрым саясатчылардын Кемпир-Абад Кыргызстандыкы болчу, аны азыркы бийликтегилер Өзбекстанга өткөрүп берип коюшту дегендери чындыкка жакындабайт. Азыркылар кандай ойлошот, ал ар кимдин өз иши, адатта айрым саясатчылар жоо кеткен соң бааатыр болуп чыга келишет, бирок Кемпир-Абаддын мындан жарым кылымдай мурда эле Өзбекстанга өтүп кеткени айныксыз факты. Компенсациясына жерлерди алып, айрым участкаларга аэропортторго чейин куруп алгандан кийин “суу сактагыч дагы деле биздики” деген түркөйлук же примитивдүү наадандык. Ал уюн сатып жиберип, акчасын жеп алып, анан бир нече жылдан кийин кайра уюн доолагандай эле кейиштүү көрүнүш.
Токтогул суу сактагычындагылардын 10, Кировдукунун 20, Орто-Токойдогунун 30 пайызын гана Кыргызстан пайдаланат. Ала-Букадагыга топтолгон суунун баары Өзбекстанга кетет. Биз эми Кемпир-Абад маселесин жаап, ал обьектилерди кантип сарамжалдуу, пайдалуу пайдаланууну ойлонушубуз керек. Өзбекстан менен достукта, пайдалуу кызматташтыкта жашасак, утушка гана ээ болобуз. Жер кымбат, бирок андан да элдин аманчылыгы, келечеги кымбат экенин эстен чыгарбоо керек.